БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Криминал менен күрөшүү бизге жеңил болду, бир жылда тазалап койдук, бирок беш жылдан бери коррупцияны тазалай албай жатабыз. Муну президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарынын жашоочулары менен жолукканда айтты.
Эске салсак, мамлекет башчы бүгүн Балыкчынын оңдолгон автобекетин көрүп, текшерүүгө барган.
Жашоочулар президенттен жакын жайгашкан бала бакчаны ишке киргизип берүүнү суранышкан. Эл менен сүйлөшүп турганда Жапаров ал жайга 90 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн, бирок акчанын жарымын кээ бир аткаминерлер "жеп койгон" деп укканын айткан.
"Жогору жактагы коррупцияны жок кылдык, ортодон ылдый карай жоголбой жатат. Ушул бала бакчаны эле мисал келтирейин, өз көзүм менен көрүп тапшырма берейин деп, атайын өзүм келдим. 90 миллион сомго жаңы бала бакча салып койсо болот эле... Бир айыл өкмөт бир парктан үч жыл катары менен акча жептир", — деген президент.