Чыгыш экономикалык форумунда 6 трлн. рублдик келишимдерге кол коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. X Чыгыш экономикалык форумунда баш-аягы 6,051 триллион рубль сумманы түзгөн 353 келишимге кол коюлду. Бул тууралуу РФ президентинин кеңешчиси, аталган форумдун уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы Антон Кобяков билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, жогоруда көрсөтүлгөн суммага коммерциялык купуялуулук камтылган келишимдер кирген жок.

"Коммерциялык сыр катары сакталган макулдашууларды эске албаганда жалпы суммасы 6,051 триллион рублди чапчыган 353 келишимге кол коюлду", — деген Кобяков бул иш-чаранын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында.

Владивостоктогу форумга 75 өлкө менен аймактардан 8 400 адам келгенин, делегация мүчөлөрүнүн саны боюнча Кытай, Монголия, Индия, Япония жана Лаос алдыга чыкканын кошумчалаган.
Эске салсак, Чыгыш экономикалык форуму 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин Владивостоктогу Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өттү. Иш-чаранын быйылкы жылдагы урааны "Ырааккы Чыгыш — тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн кызматташтык" деп аталды.
Масштабдуу иштер, бизнестин жаңы мүмкүнчүлүктөрү. Путин Арктика жолу тууралуу