Балыкчыдагы оңдолгон автобекет: Жапаров барып кыдырып, текшерди

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки автобекетке барды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы андагы заманбап күтүү залын, айдоочулар менен тейлөө кызматкерлери үчүн бөлмөлөрдү, диспетчердик бөлүмдү кыдырып чыккан.
1 / 4

Балыкчыдагы оңдолгон автобекеттин ичи ушундай

2 / 4

Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки автобекетке барды

3 / 4

Садыр Жапаров ал жайды текшерип, көрүп чыкты

4 / 4

Президент Садыр Жапаров балыкчылыктар менен жолукту

Автобекет 1970-жылдары курулган. Бирок узак жылдар бою менчикте болуп, ушул жылдын апрель айында Балыкчы шаарынын мэриясынын балансына алынган. Андан кийин объектини реконструкциялоо башталып, бардык бөлмөлөр оңдолгон. Ошондой эле жүргүнчүлөр үчүн мейманкана жана кызматкерлер үчүн жатакана ишке киргизилип, айланасы көрктөндүрүлгөн.
Мындан тышкары, Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин, анын ичинде бала бакча, мечит жана башка социалдык объектилерди куруу маселелери боюнча кайрылууларын уккан.
Андан соң Балыкчынын мэри Баатырбек Жантаев Жапаровго шаарды көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берген. Анын ичинде калаага кире бериштеги арканы жаңылоо жана айланма жолдогу тыгындарды жоюу үчүн балык базарын көчүрүү бар. Маалыматта андагы сатуучулар үчүн да, кардарлар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн заманбап базар курула турганы айтылган.
Жапаров Өзгөн — Кара-Кулжа жолу менен кошо 67 ишкананы ачты. Видео