БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп европалык лидерлер менен сүйлөшкөндө Россиянын мунай продукцияларын алуудан баш тартууну талап кылган. Бул туурасында РИА Новости Reuters агенттигине таянып кабарлады.
Ак үйдүн кожоюну Кытайга да экономикалык кысым көрсөтүүгө чакырган. Мунусун Украина согушунда Пекин Москваны колдоп жатат деген таризде кыйыткан.
Маалыматты Финляндия президенти Александр Стубб тастыктаган. Анын айтымында, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Трамптын айткандарын колдоп, "Европа россиялык энергетика ресурстарынан баш тартуусу зарыл" экенин кошумчалаган.
"Биз көпкө сүйлөштүк. Кебибиз негиздүү болду. Биринчи маселеде Европада азыр Россиядан нефть жана газды түз сатып алып жаткан эки мамлекет бар экени айтылды. Алар Словакия менен Венгрия", — деген Стубб.
Бейшемби күнү "каалоочулардын коалициясы" деп аталган жыйын өттү. Аралаш форматтагы бул иш-чарага Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон төрагалык кылган. Жыйынга Владимир Зеленский да келген, ал эми Трамп видеобайланыш менен катышкан.
Мурдараак Трамп Индиядан келген товарларга бажы төлөмүн жогорулата тургандыгын айткан эле. Индиялык импортко 25 пайыз бажы салыгын киргизгенин жар салды. Буга себеп катары алардын энергетикалык ресурстарды (газ, мунай) Россиядан сатып алганын да кошкон. Ошол эле күнү Кошмо Штаттар Пакистан менен соода келишимине кол коюп, аталган өлкөгө "ири мунай кендерин" иштетүүгө жардамдашуу убадасын берген.