Бишкекте "Евразия" социалдык дүкөнүнүн экинчиси ачылды. Сүрөттөр

Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкекте "Евразия" социалдык дүкөнүнүн экинчиси ачылып, Асанбай кичи району, 8/3 дарегинде жайгашты.
Анын текчелерине азык-түлүк жана күнүмдүк муктаждыктагы товарлар коюлуп, өндүрүүчүлөр койгон баа менен сатылат.
1 / 2

Азык-түлүк жана күнүмдүк муктаждыктагы товарлар коюлуп, өндүрүүчүлөр койгон баа менен сатылат

2 / 2

Дүкөн Асанбай кичи району, 8/3 дарегинде жайгашкан

Ачылыш аземине "Евразия Кей Джи" уюмунун директору Кымбат Урумкулова, Бишкек мэриясынын Октябрь райондук муниципалдык администрация башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Асел Сыдыкова жана Кыргызстандын пенсионерлер союзунун өкүлдөрү катышты.
"Бул — Бишкектеги экинчи социалдык дүкөн. Долбоор мындан ары да уланып, өлкө боюнча ушундай дүкөндөр ачылат. Шаар тургундарына жаңы азыктар өндүрүүчүлөрдүн баасы менен сатылмакчы", — деди Урумкулова.
Дүкөндөн соода кылуу үчүн жарандын аты-жөнү жазылган социалдык карта керек. Аны алуу үчүн анкетаны толтуруп, негизги маалыматтарды (аты-жөнү, телефону, туулган күнү жана жашаган дареги) көрсөтөсүз.
Долбоор "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюму менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.
Жапаров: “Евразия” паркы — балдарыбыздын жашоосун жакшыртуучу социалдык долбоор