Зеленский Путин менен кайсы жерде жолугууга даяр? Киев 7 өлкөнү атады

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Spuntik. Украинанын ТИМ башчысы Андрей Сибига Владимир Зеленский РФ лидери Владимир Путин менен жолугууга даяр деген өлкөлөрдү санап берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Тизмеге Австрияны, Ватиканды, Түркияны, Швейцарияны жана Перс булуңундагы үч мамлекетти (Катар, Бахрейн, БАЭ) киргизген.
Кечээ кечинде Путин эгерде Зеленский жолугууну кааласа Москвага келсин деген эле.

"Азыр кеминде жети мамлекет Украина — Россия лидерлерин кабыл алып, сүйлөшүү өткөрүүгө даяр. Алар: Австрия, Ыйык такты (Ватикан — ред.), Түркия, Швейцария жана Перс булуңундагы үч мамлекет. Бул — олуттуу сунуш. Зеленский мындай жолугууга даяр", — деген Сибига.

Мурдараак АКШ президенти Дональд Трамп РФ лидери Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусун даярдап жатканын, анын артынан өзү да катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөр болорун айткан.
АКШ лидери Европа мамлекеттеринин башчылары жана Зеленский менен жолуккандан кийин РФ президентине чалган. Россия жетекчисинин жардамчысы Юрий Ушаков Путин менен Трамп Ак үйдөгү жолугушуу тууралуу сүйлөшкөнүн, 40 мүнөткө созулган баарлашуу "ачык-айкын жана мазмундуу" болгонун билдирген.
Путин менен Трамп Россия — Украина делегацияларынын түз сүйлөшүүсүнүн уланышын кубаттай турганын айтышкан. Мындан улам өкүлдөрдүн деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү идеясы талкууланган.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров белгилегендей, Путин Зеленский менен жолугууга даяр, бирок анда чыныгы президенттик деңгээлдеги маселелер талкууланышы лаазым. Анын айтымында, Киев режиминин башчысынын жөн гана дагы бир жолу камера алдында көрүнүшү үчүн жолукканы керек эмес. Ошондой эле РФ лидери Зеленский менен "мен мыйзамдуу президентмин" дегенин угуу үчүн гана жолуга албастыгын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Украинага коопсуздуктун кандай кепилдиктерин каалай турганын айтты