БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кытайга жасаган сапары боюнча Батыш өзүнө жыйынтык чыгарат. Бул тууралуу Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Андрей Денисов ЧЭФ —2025те (Чыгыш экономикалык форум) билдиргенин РИА новости жазды.
Анын айтымында, Европа Глобалдык Түштүккө таасирин жоготуп алуу коркунучунда турат.
"Европадан жакшы реакцияны же кол чабууларды эч ким күткөн жок, албетте. Алар жөн гана өздөрү үчүн жыйынтык чыгарышары айдан ачык нерсе", — деди Денисов.
Ал Батыш Глобалдык Түштүккө болгон таасири азайып баратканын көрүп тынчсызданып жатканын белгилеген.
"Европа көпчүлүккө жакпаган текебер саясаты менен өзүн-өзү туюкка кептеп жатат. Эгер ушул жол менен кете беришсе, анда Европа коомчулугу дүйнөдө болуп жаткан окуяларга мурдагыдай таасир эте албай калат. Буга алар өздөрү гана күнөөлүү болот", — деди сенатор.
Путин шаршемби күнү Кытайга болгон төрт күндүк сапарын аяктады. Мамлекет башчысы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты. Ошондой эле дүйнөлүк лидерлер менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
10-Чыгыш экономикалык форуму 3-6-сентябрда Владивостоктогу Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтүп жатат. Быйылкы ЧЭФ "Ырааккы Чыгыш – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн кызматташуу" аттуу темада өтүп жатат.