Трамп Россияны, Кытай жана Түндүк Кореяны кутум уюштурууга айыптады

Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Пекиндеги аскердик парад тууралуу пикирин билдирип жатып, Россияны, Кытай жана Түндүк Кореяны Америкага каршы "кутум" уюштуруп жатат деп айыптады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Тяньаньмэнь аянтындагы аскердик парадды көрүү үчүн трибунага Россия президенти Владимир Путин, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын чогуу келишкен.
"Төрага Си Цзиньпин АКШнын Кытайга көрсөткөн чоң колдоосу жана чет элдик баскынчыдан кутулуп, эркиндикке ээ болушу үчүн көрсөткөн көмөгү тууралуу сөз кылабы же жокпу? Башкы суроо ушул... Төрага Си жана кытай калкына майрамдык маанай каалайм. Америкага каршы кутум уюштуруп жаткан Владимир Путинге жана Ким Чен Ынга менин дубай саламымды айтыңыз", — деп жазган Дональд Трамп Truth социалдык түйүнүнө.
Төрага Си Цзиньпин Пекиндеги аскердик параддагы сөзүндө АКШ тууралуу айткан жок, бирок бардык өлкөлөргө жеңишке кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошол эле учурда шейшемби күнү Трамп Кытай менен Россия биригип, Вашингтондун кызыкчылыктарына каршы коркунуч жаратпай турганын билдирген.
Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын жана союздаштардын милитаристтик Японияны жеңгендигинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар Пекинде өтүп жатат. Анын алкагында бүгүн Тяньаньмэнь аянтында ири аскердик парад болду.
Путин менен Си Цзиньпин Пекинде эмнелерди сүйлөштү. Урунттуу учурлардын видеосу