БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кытайдын суюк отун менен иштеген DF-5C аталышындагы континент аралык ракетасы планетанын бардык жерине жете алат. Кытай мындай кубаттуу куралын Пекинде өткөн парадда алып чыкты.
РИА Новости Кытай планетадагы стратегиялык коопсуздукту камсыздай турган жана сестендирген ракетаны дүйнөгө көрсөткөнүн жазды.
Бүгүн Кытайдын Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын жана милитаристтик Японияны жеңилгендигинин 80 жылдыгына арналган парад өттү.
Кытайдын япон агрессиясына каршы согушу 1931-жылы япон армиясынын Маньчжурияга басып кириши менен башталган. 1937-жылы алар кеңири масштабдуу чабуулга өтүп, кармаш катуулап, кийинчерээк Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгүнө айланган. Кытай тарыхчыларынын маалыматына таянсак, сегиз жылдык тынымсыз согушта негизинен жай жарандар деп эсептелген 35 миллион адам өлүп жана жаракат алган.
1937-жылдын декабрындагы Нанкин кыргыны учурунда атылган туткундардын, жөнөкөй кишилердин өлтүрүлүшүн жана жасалган зордук-зомбулукту эске салсак, мунун кесепетинен болжол менен 300 миңге чукул адам адам набыт болгонун айтууга болот.
Япониянын 731-бөлүгүнүн "дарыгерлери" жай тургундарга жана туткундарга адам жасабаган эксперименттерди жүргүзгөн.
1945-жылы февралда Ялта конференциясында алган милдеттенмелерин аткарган СССР Германия багынып, Европадагы согуш аяктагандан так үч ай өткөн соң Японияга каршы согушка кирет.
Маньчжур стратегиялык операциясын Забайкалье жана Ырааккы Чыгыш фронттору жүргүзгөн. Забайкалье фронтундагы жоготууларды эсептей келгенде, баш-аягы 2 228 аскерди түзгөн.