БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (U-23) палестиналыктарды 2:1 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.
Беттеш 2026-жылдагы Азия кубогунун тандоо этабынын алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Оюндун экинчи бөлүгүндө Кыргызстандын командасынан спортчу Кими Мерк пеналтиде эсеп санын ачкан. Ал эми атаандаштар экинчи бөлүктүн кошумча убактысында эсепти теңөөгө жетишти. Анткен менен Кими Мерк дароо эле жооп кылып, командага экинчи голду алып келди.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын (U-23) палестиналыктар менен беттешине бийлик башындагылар күйөрмандык кылып, спортчуларды алдыга сүрөдү.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондон өкмөт башчы Адылбек Касымалиевди, Кыргыз футбол биримдигинин президенти, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев баштаган аткаминерлерди көрүүгө болот.

2026-жылдагы Азия кубогунун тандоо оюндарына 44 команда катышып, 11 тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын курама командасы "Е" тайпасында Палестина, Өзбекстан жана Шри-Ланка курама командалары менен ат салыша турган болгон. Алар 6 жана 9-сентябрда өтөт.