БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Пекин Россия жарандары үчүн бир жылга визасыз режим киргизет. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Го Цзякун билдиргенин РИА Новости жазды.
"2025-жылдын 15-сентябрынан 2026-жылдын 14-сентябрына чейин Россия жарандары үчүн визасыз режим сыноо иретинде иштейт", — деп билдирген ал маалымат жыйында.
РФ президенти Владимир Путиндин жакында эле "Синьхуа" агенттигине берген маегинде айтылган маалыматка таянсак, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы туристтик агым эки жарым эсе өсүп, 2,8 миллион адамга жеткен.
Москва менен Пекин 2023-жылдын 1-августунан тарта визасыз топтук туристтик алмашууну баштаган. Россиянын туроператорлор ассоциациясынын маалыматы боюнча, ошол эле жылы мындай жеңилдиктен дээрлик 130 миң адам пайдаланган.