РКӨФ айнек чыгарган жаңы өндүрүштү каржылады

Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) менен "Айнекстан" компаниясы терезе конструкцияларын чыгаруучу жаңы өндүрүштү ишке берди. Бул тууралуу фонддон кабарлашты.
Аталган ишкана — 30-августта президент Садыр Жапаров ачкан 67 жаңы өнөр жай объектинин бири.
Компанияга салынган жалпы инвестиция 10 миллион долларды түзүп, анын 6,4 миллион долларын РКӨФ бөлгөн. 10,5 миң чарчы метр аянттагы комплексте айнек жана терезе өндүрүшү жайгашкан.
1 / 3

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) менен "Айнекстан" компаниясы терезе конструкцияларын чыгаруучу жаңы өндүрүштү ишке берди.

2 / 3

Аталган ишкана — 30-августта президент Садыр Жапаров ачкан 67 жаңы өнөр жай объектинин бири.

3 / 3

Компанияга салынган жалпы инвестиция 10 миллион долларды түзүп, анын 6,4 миллион долларын РКӨФ бөлгөн.

"Ишкана ачылгандан кийин 300дөн ашык жаңы жумуш орду түзүлдү. Өндүрүш эл аралык стандарттын талаптарына жооп берген сертификатка ээ", — деп айтылат маалыматта.
Мында жылына 540 миң чарчы метр айнекпакет, 150 миң чарчы метр терезе конструкциясы жана 400 миң чарчы метр чыңалган айнек чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар экени кошумчаланды.
РКӨФ кондитердик ишкананы модернизациялоого жана кеңейтүүгө жардам берди