Чуркоо ден соолук үчүн эң жеткиликтүү жан анатыйжалуу физикалык активдүүлүктүн түрү. Ал жүрөк-кан тамыр системасын чыңдайт, өпкөнүн ишин жакшыртат жана ашыкча салмактан арылууга жардам берет.Мындан тышкары, чуркоо стресс гормондорун азайтып, маанайды көтөрүүчү эндорфиндерди бөлүп чыгарат. Бирок туура эмес техника менен чуркоо, ашыкча күч келтирүү же ыңгайсыз бут кийим кийүү муундарга жана омурткага зыян тийгизишимүмкүн. Ошондой эле, жүрөк оорулары бар адамдар дарыгердин кеңешисиз чуркооменен алектенбеши керек. Демек, чуркоо пайдалуу, бирок аны ден соолукка ылайыкташтырып, туура ыкма менен жүргүзүү маанилүү. Кененирээк “Көз мончок”программасынан тыңдаңыздар.