Жогорку Кеңеш кезектеги сессиясын баштап коюп эле кайра тыныгууга кетти

Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын V сессиясы расмий ачылды.
Мамлекеттик гимн жаңыргандан кийин парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш отурган жай толук оңдоодон өткөнүн белгилеп, үч жыл ичинде имараттын ичи-сырты, депутаттардын иш бөлмөлөрүнө чейин жаңыланганын белгиледи. Соңунда жыйындар өтүүчү зал толугу менен заманбап болуп жасалганын кошумчалады.
1 / 2

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын V сессиясы расмий ачылды.

2 / 2

Мамлекеттик гимн жаңыргандан кийин парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш отурган жай толук оңдоодон өткөнүн белгилеп, үч жыл ичинде имараттын ичи-сырты, депутаттардын иш бөлмөлөрүнө чейин жаңыланганын белгиледи.

Эл өкүлдөрү сессия жылын ачып коюп эле 3-сентябрга чейин тыныгууга кетишти. Ага чейин тармактык комитеттерде иштешет.
Эске салсак, Конституциянын 83-беренеси жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.
Жогорку Кеңеште ЖМК тууралуу мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды