БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. ШКУ өлкөлөрү конфронтацияга жана кодулоого туруштук берип, дүйнөлүк тартипти БУУнун башкаруусу менен коргошу керек. Бул тууралуу Си Цзиньпин Тяньцзиндеги ШКУга мүчө мамлекеттердин XXV отрурумун ачып жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз адилеттүүлүктү жана калыстыкты коргоп, Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхына туура көз карашты жайылтып, кансыз согуштун менталитетине, блоктук каршылашууга жана чагымчылыкка каршы турушубуз керек. Бириккен Улуттар Уюму борбордук ролду ойногон эл аралык мамилелер системасын коргошубуз зарыл", — деди Цзиньпин.
ШКУнун тарыхындагы эң ири саммит 31-август жана 1-сентябрда Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүүдө. Иш-чарага 20дан ашык чет мамлекеттин лидерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат.
Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы негизделген. Ага Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан мүчө. 2024-жылдын 4-июнунда Астанадагы саммитте Беларусь кошулган. Афганстан менен Монголия байкоочу. Ал эми Азербайжан, Армения, Бахрейн, Египет, Камбоджа, Катар, Кувейт, Мальдив аралдары, Непал, Бирккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабиясы, Түркия, Шри-Ланка бул диалогдо өнөктөш мамлекеттер катары турат.