ШКУ өлкөлөрү уюмдун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча чечим кабыл алышты

Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Уюмга мүчө мамлекеттер ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүнүн маанилүүлүгүн ырастап, аны уюштуруу жана аталган каржы институтунун иштешин ар тараптан камсыздоо боюнча чечим кабыл алышты. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтына жарыяланган Тяньцзинь декларациясында айтылды.
Мүчө мамлекеттер банктар аралык бирдиктүү саясатка жетүү 20 жылдан ашык убакыт ичинде мезгил талап кылган механизмге айланганын бүгүн кабыл алынган документте белгилешкен. Ошондой эле Ирандын ыйгарым укуктуу каржы мекемесин банктар аралык биримдикке кошууну тездетүүнү колдоого алышты.
Буга чейин Тяньцзинде өтүп жаткан саммиттин жүрүшүндө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин уюмдун каржы институтун түзүү зарыл экенин белгилеген.
ШКУнун Өнүктүрүү банкы — бул уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жана өнүгүүнү колдоого алган, туруктуу өсүшкө өбөлгө түзгөн, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоого багытталган эл аралык финансы институту. Аны түзүү идеясы көптөн бери, айрыкча 2010-жылдан кийин активдүү талкууланып келет. Демилгени Кытай жана Россия колдогон, бирок бардык катышуучулардын ортосундагы акыркы келишимге бүгүн гана жетишилди.
Тяньцзинь декларациясына ылайык, уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү. Өлкө башчылардын ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракесине арналган жолугушуусу кийинки жылы Бишкекте болот.
Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы негизделген. Ага Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан мүчө. 2024-жылдын 4-июнунда Астанадагы саммитте Беларусь кошулган. Афганстан менен Монголия — байкоочу. Ал эми Азербайжан, Армения, Бахрейн, Египет, Камбоджа, Катар, Кувейт, Мальдив аралдары, Непал, Бирккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабиясы, Түркия, Шри-Ланка бул диалог боюнча өнөктөш мамлекеттер катары катышат.
ШКУ лидерлеринин Тяньцзинь декларациясында эмнелер айтылды