БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курама командасы катыша турган 2026-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндары Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Ага ылайык, футбол беттештери 1-9-сентябрь күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо болот. Кыргызстандын курамасы Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланканын командалары менен Е тайпасында күч сынашат.
Оюндардын жүгүртмөсү:
03.09.2025 | 16:00 — Өзбекстан – Шри-Ланка
03.09.2025 | 20:00 — Палестина – Кыргызстан
06.09.2025 | 16:00 — Шри-Ланка – Палестина
06.09.2025 | 20:00 — Кыргызстан – Өзбекстан
09.09.2025 | 16:00 — Өзбекстан – Палестина
09.09.2025 | 20:00 — Кыргызстан – Шри-Ланка
Тандап алуу оюндарына жалпы 44 курама катышып, алар 11 тайпага бөлүнгөн. Ал эми U-23 Азия кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Арабияда өтүп, ага 16 команда жолдомо алат.