БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Путин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда курулуп жатканын белгилеген.
“Ар кандай тармактарда эки тараптуу кызматташтык, ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп жактуу түзүмдөрдүн алкагында конструктивдүү өз ара кызматташуу ийгиликтүү өнүгүүдө. Биргелешкен аракеттер менен орус-кыргыз байланыштарынын бүтүндөй комплексин мындан ары да кеңейтебиз. Бул биздин достук мамиледеги элдерибиздин кызыкчылыктарына толук жооп берет. Евразия мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу өз нугунда бара жатат”, — деп жазылган кайрылууда.
Ошондой эле Садыр Жапаровго Россия президенти чың ден соолук жана ийгилик, ал эми элге бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалаган.