БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Кытайга барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, өлкө башчыны аэропорттон КЭРдин илим жана техника министри Инь Хэчжун жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.
Сапардын алкагында президент ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.