Бразилия АКШнын "чабуулунан" улам БРИКСтин кезексиз саммитин өткөрүүнү көздөөдө

Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бразилия АКШнын көп полярдуулукка жасаган “чабуулуна” байланыштуу БРИКСтин кезексиз саммитин өткөрүүнү көздөйт. Бул тууралуу Valor Econоmico басылмасына шилетеме кылып РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, жолугушуу онлайн болот. Анда АКШ пошлина киргизгенден кийинки кадамдар талкууланат.
“АКШнын көп полярдуулукка жасаган “чабуулуна” байланыштуу Бразилия БРИКСтин кезексиз саммитин чакырууга аракет кылууда”, — деп жазылган билдирүүдө.
Бразилия президентинин атайын кеңешчиси Селсу Аморим саммит боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ал кийинки жумада Кытайга барып, Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат. Сапардын алкагында Аморим көп полярдуулук маселесине байланыштуу эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөрү күтүлүүдө.
Буга чейин АКШ бразилиялык товарларга 50 пайыздык тариф киргизген.
БРИКС — 2006-жылы Россия, Кытай, Индия жана Бразилия тарабынан түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме, 2011-жылы ага Түштүк Африка кирген. Ал эми 2024-жылдан тарта Египет, БАЭ, Эфиопия, Иран, 2025-жылдын январь айынан баштап Индонезия кошулган.
Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин жолугушуп, бир катар документтерге кол коюшту