Бишкекте эки көчөнүн оңдоп-түзөө үчүн жабылган бөлүктөрү ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бишкектеги Дэн Сяопин проспектинин Фучиктен Интергельпо көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн Лев Толстой көчөсүнүн Логвиненко көчөсүнөн баштап Чыңгыз Айтматов проспектине чейинки бөлүгү да эксплуатацияга берилди.
Мэрия жолдордун бул бөлүктөрүн оңдоонун алкагында анын астындагы түтүктөр алмаштырылып, жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар коюлганын белгиледи. Ошондой эле жол белгилери жаңыланып, чийиндер сызылган.
Бишкектеги Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн бөлүктөрү эки багыттуу болот