БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Альпинист Наталья Наговицынаны куткарууга катышкан россиялык адистер бүгүн Москвага эвакуацияланды. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматта Жеңиш чокусуна бет алып кырсыктаган тик учактагы алты куткаруучунун бири Баир Батуев белинен мертингени, Москвада аны Склифосовский атындагы оорукананын адистери медициналык жардам көрсөтүү үчүн күтүп жатышканы айтылат.
Куткаруучу тик учактын кырсыкташына капталган соккон катуу шамал себеп болгонун белгилеген.
Батуевди ошол эле тик учактагы кесиптеши Александр Семенов коштоп бармакчы. Ал альпинист Наталья Наговицынаны аман алып түшүү эмнеге мүмкүн болбогонун түшүндүрүп берди.
"Кыргызстандын Коргоо министрлигинин тик учагы кырсыктагандан кийин да операцияны улантты. Эгер шарт ыңгайлуу болсо Наговицинаны алып түшүүгө мүмкүн эле. Бирок андай болгон жок, "эгер" дегендин баары божомол. Бир керемет эле болуп кетпесе…" — деди Семенов.
Россиянын Кыргызстандагы элчилиги тараткан билдирүүдө куткаруучулар болуп көрбөгөндөй тобокелге бел байлап, катаал шартка карабай куткарууга аракет кылышканы белгиленген. Дипмекеме аларга ыраазычылык каттарын тапшырды. Наталья Наговицынанын жакындары, туркомпания жана Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен үзгүлтүксүз байланыш болуп турганы кошумчаланды.