Россиялык адистер Наговицынаны куткаруу эмнеге мүмкүн болбогонун айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Россиялык куткаруучулар тобунун жетекчиси Александр Семенов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине альпинист Наталья Наговицынаны Жеңиш чокусунан аман алып чыгуу дээрлик мүмкүн эместигин айтып берди.
Ал ошондой эле дрон менен өтө зарыл буюмдарды жана керектүү заттарды жеткирүү маселесине да токтолду.
Семеновдун айтымында, мындай жардам көрсөтүүгө дрон даяр эле, аны курмандыкка чалууга деле кайыл болуп турушкан. Тилекке каршы, асканын формасы жана Жеңиш чокусундагы шамалдын ылдамдыгы жүктүн керектүү жерге түшүүсүнө дээрлик мүмкүнчүлүк берген эмес. Асмандан жүктү ыргытканда аны шамал учуруп же чачылып кетмек.
Ал эми тик учактын катуу конуп кырсыктаганына келсек, куткаруучунун айтымында, техника план боюнча учуп, баары ойдогудай эле ишке ашып жаткан.
"Бизге түшүнүксүз себептерден улам куткаруучулар тобу отурган тараптан бир нерсе кулап түшкөндөй болду. Терезеден кардын чаңы көтөрүлгөнү көрүндү. Бизди айлантып жаткандай, абада кулап бара жаткандай сезилди. Отургучтарды бекем кармап, бир аздан кийин бир нерсеге урундук. Андан кийин эвакуация башталды. Жарадар болгондор бар экен. Кимдир бирөөнү сүйрөп алып чыгышты. Аңтарылган тик учактан күйүүчү май куюлуп жатканын уктум. Колдон келишинче тырышып, борттон эртерээк чыкканга аракет кылдык”, — деди Семенов.
Ал катуу соккон шамалдын күчү, калың кар жана кокустуктар өзгөчө кырдаалга алып келгенин божомолдоодо. Ошондой эле чокуда шамалдын ылдамдыгы саатына 65 чакырымга чейин жеткенин, мындай шарт тик учак үчүн да, адамдар үчүн дагы ыңгайсыз экенин белгиледи. Бул учурда куткаруу операциясын ийгиликтүү өткөрүүгө таптакыр жол болбогонун кошумчалады.
Жеңиш чокусуна чогуу бет алып, кырсыктаган тик учактагы алты куткаруучунун бири Баир Батуев белинен мертинген. Москвада аны Склифосовский атындагы оорукананын адистери медициналык жардам көрсөтүү үчүн күтүп жатышат. Куткаруучулар бүгүн Москвага эвакуация болушту.
Альпинист Наговицынага былтыр Жеңиш чокусуна чыгууга уруксат берилген эмес