БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. "Менин үйүм" турак жай программасынын алкагында жалпы республика боюнча 70 миңден ашуун, анын ичинде Жалал-Абад облусунда 13 миңден ашык батир курулууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган "Асман Резиденс-2" турак жай комплексин ачып жатып билдирди.
Өлкө башчы бул саамалык өлкө эгемендигинин 34 жылдыгы менен дал келип жатканы өзгөчө эстен кеткис учур болуп каларын белгилеген.
Ал буга чейин аталган шаарда "Асман Резиденс-1" турак жай комплекси жана Сузак районунда "Асман Резиденс-5" комплекси пайдаланууга берилгенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаров Ош, Жалал-Абад облустарына барган. Кечээ Ошто бир убакта 200гө чукул ишкана, уюм бир маалда ачылды.