БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Sputnik Азербайжан агенттигинин абактагы журналисттери тез арада бошотулушу керек. Бул тууралуу "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал кесиби же жумушу боюнча эч кандай шектүү аракеттери болбогон журналисттерди эркиндигинен ажыратуу, аларды тыңчылыкка айыптоо, кийин алдамчы катары каралоо бул азыркы цивилизациянын нормаларына коошпогон аракет экенин айткан.
"Биздин кесиптештерибиз жана жолдошторубуз Игорь Картавых менен Евгений Белоусов эки айдан бери Азербажанда темир тор артында отурушат. Бул убакыт аралыгында эки союздаш өлкөнүн ортосунда олуттуу кризисти жаратуу үчүн Sputnik Азербайжандын журналисттерин атайылап колдонгон тараптар эч кандай реакция кылган жок. Биз кызматкерлерибизди тез арада бошотууга жана аларга мекенине кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырабыз", — деген Киселев.
Журналисттердин кармалышынын чоо-жайы
Ушул жылдын 30-июнунда Азербайжан бийлиги "Россия сегодня" медиатобунун курамына кирген Sputnik Азербайжан агенттигинин жети кызматкерин негизсиз кармаган. Редакциянын башчысы Игорь Картавых жана башкы редактор Евгений Белоусов төрт айга камакка алынган. Алардын адвокаттары бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз беришкен, бирок сот арызды четке каккан.
"Россия сегодня" күч органдарынын аракеттерин негизсиз, ал эми айыптоолор ойдон чыгарылганын айтып келет.
Медиа каражаты Азербайжандын укук коргоо органдарынан мыйзамдарды сактоону жана кесиптик милдетин аткарып жаткан адамдарды токтоосуз бошотууну талап кылууда.
Окуядан бир айдан кийин Киселев негизсиз камакка алынган журналисттерди бошотуп, мамилелерди калыбына келтирүүгө кадам таштоого чакырган билдирүү жасаган. Бирок Баку тараптан эч кандай жооп болгон жок.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, Кремль Sputnik Азербайджан жана Ruptly кызматкерлеринин кармалышы тууралуу маалыматтыкыр көз салууда. Москва Баку менен түз байланыштын алкагында алар эркиндикке чыгарына үмүттөнөт.
Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Баку эч качан Sputnik Азербайжандын кеңсесине да, журналисттердин ишине да доомат койбогонун баса белгилеген. Анын айтымында, агенттикке каршы чаралар башка ойлордон улам кабыл алынган болушу ыктымал.