БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош шаарында легендалуу космонавт Валентина Терешкова атындагы жатак мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышып, онлайн тартипте өлкө боюнча 100 социалдык объектини ишке берди.
Салтанатта Жапаров имарат авариялык абалда болгонун эске салып, мектептин бүтүрүүчүсү, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө 2022-жылы бузулуп, кайрадан курулганын белгиледи.
Иш-чарага Москвадан Терешкова да онлайн катышты.
"Замандын талабына бап келген мектептин ачылышына кубанып турам", — деди космонавт айым.
Ал жаңы билим жайдын алдында спорттук комплекс ачылганына басым жасап, балдар илим менен гана алектенбестен, дене тарбия, спорт менен да машыгарына токтолду. Кыргызстанга 1979-жылы келип, ысымын алып жүргөн мектепти көрүп кеткенин эстеди.
Мектеп 700 окуучуга ылайыкталган, ал эми жатаканасы 500 орунга эсептелген. Комплекс жалпы 2,13 гектар аянтка жайгашты.
Жапаров, мындан сырткары, ошол эле жерде онлайн түрдө өлкө боюнча социалдык объектилерди ишке берди. Ошентип Кыргызстандын эгемендигинин 34 жылдыгын утурлай республиканын ар кайсы аймактарында 58 мектеп, 19 бала бакча, саламаттык сактоонун 9 мекемеси, 12 спорттук жана башка социалдык объектилер ачылды.