БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Улуттук банк ушул жылдын 1-сентябрынан тартып "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы банкы билдирди.
Маалыматта аталган коллекциялык тыйын азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана өнүгүүсүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандардын эмгегин жана ролун таанытуу максатында чыгарылганы айтылат. Алардын маданиятты, билимди жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган талыкпаган эмгеги, көз карандысыз өлкө куруудагы күрөшү эгемен Кыргызстанды түзүүгө баа жеткис салым кошкону белгиленген.
© Фото / пресс-служба НБКР
"Тыйындын алдыңкы бетинде мамлекеттик тууну тегерете Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаевдин портреттери түшүрүлдү. Ал эми аркасында керегенин элесин берген алкакта түндүк жайгашып, анын бетинде герб бар. Мындан тышкары, тыйындын салмагы, металлдын сапат белгиси (Ag 925), чыгарылган жылы чагылдырылган", — деп айтылат маалыматта.
10 сом номиналындагы коллекциялык монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган. Аны Улуттук банктын кассаларынан же нумизматикалык баалуулуктарды саткан веб-сайттан 10 540 сомго сатып алса болот.