"Чет өлкөлүк жылдыздар менен кошо бир сахнада бийлөө өзгөчө атмосфераны түзөт. Ар бир бийчи өзүнүн тажырыйбасын, деңгээлин көрсөтөт. Быйыл март айында мен Японияга барып, эл аралык конкурска катышып келдим. Бул багытта Япония менен мамилебиз жакшырып келе жатат. Андан кийин солисттерибиз менен бирге Азербайжанда өткөн чоң фестивалга катыштык. Бул жерде да жакшы тажырыйба алдык. Казакстанда коюлган "Бахчисарай фонтаны" балетинде солисти ооруп калып, бизди чакырышты. Бийчибиз Айпери Турусбекова менен барып, эки күндө чыгарманы өздөштүрүп бийлеп казак кесиптештерди таң калтырды. Эми октябрда Сеул шаарына барабыз. Ошентип иштешүүдөбүз. Ушул жылдын декабрь айында Испанияга баруу планыбыз бар. Бул биз үчүн чоң жаңылык. Анткени кыргыз балети Европага канча жылдан бери биринчи жолу барат. Испаниядан апрелде бизге импресарио келип, театрыбыздын директору менен жолугуп, министр менен таанышып, биргелешип меморандум түзүлгөн. Ал эми Кореядан Александр Глазуновдун "Раймонда" балетинин үзүндүсүн көрсөтүп берүү сунушу түштү. Биз макул болдук. Испанияда дүйнөлүк классикага айланган чыгармалар (Петр Чайковскийдин "Ак куу көлү", "Щелкунчик", Мигель Сервантестин "Дон Кихоту") коюлат", — деди Тумакова.