Садыр Жапаров Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош, Жалал-Абад облустарына барат

Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 29-30-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта Эгемендик күнүнө карата өлкө боюнча социалдык, өнөр жай объектилеринин жана президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын расмий ачылышы болору айтылды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин билдиришинче, көз карандысыздыктын 34 жылдыгына арналган негизги майрамдык иш-чаралар 30-август күнү Жалал-Абад шаарында өткөрүлөт. Ал эми 31-августта жалпы өлкө боюнча кеңири белгиленет.
30-август күнү Жалал-Абад шаарында ар кандай маданий жана спорттук иш-чаралар өтүп, кечинде майрамдык гала-концерт тартууланат. Анда көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чет элдик жана ата мекендик артисттер ырдашат. Алардын арасында Николай Басков, Люся Чеботина, BOSSON, ОЗОДА, Хамдам Сабиров, Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиев, Бактияр Токторов, Айчүрөк Иманалиева бар.
30-31-август күнү Барпы Алыкулов атындагы облустук драмтеатрда кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт.
31-августта Эгемендүүлүк майрамы жалпы өлкө боюна белгиленет.
Жапаров: “Евразия” паркы — балдарыбыздын жашоосун жакшыртуучу социалдык долбоор