Паникалык дүрбөлөң деген эмне: себептери жана белгилери

Sputnik
Паникалык дүрбөлөңгө бардык эле адамдар кабыла бербестигин психолог Надира Кубатбекова билдирди. Паникалык дүрбөлөң (чабуул) - бул жөн жерден пайда болгон, аз убакыттын ичинде катуу чыңалган тынчсыздануунун жана коркуудан жаралган акыбал. Ал кокустан жана бат пайда болот. Муну психосаматика менен да байланыштырабыз. Психосаматика - бул грек тилинен которгондо жан дүйнө менен дененин байланышы деген маанини билдирет. Башкача айтканда, айрым адамдар кээде кайсы бир жери оорубаса деле, ооругандай сезип, кыйналып, түйшөлө берет. Ал ошол органга белги берүү менен ошондой оору абалына түшүп калышы да мүмкүн. Ошол себептен адамдын оюнан, психологиялык абалынан да көп нерсе көз каранды. Паникалык дүрбөлөңгө түшүүгө чейин 3-6 ай аралыгында адамда ага байланышкан бир себеп болорун жана ал жүрүп отуруп паникага алып келерин адис белгиледи. Мындан арылуу үчүн психологго кайрылып же өз алдынча медитация жасоо керек.