БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысы Андрей Ермак жетектеген делегация жума күнү АКШга келип, анда Украинанын коопсуздук кепилдиги талкууланат. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
"Эртең Швейцарияда, жума күнү Америка Кошмо Штаттарында, Нью-Йоркто Трамптын командасы менен жолугушуу болот. Коопсуздук кепилдигинин маани-мазмуну боюнча иштегендер катышат. Аскердик, саясий, экономикалык коопсуздук боюнча берилген кепилдиктин компоненттери талкууланат", — деп Зеленский кечээ айткан.
Буга чейин Bloomberg агенттиги маалымат булактарына таянып, Ермак менен Украинанын Коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров ушул жумада АКШга барарын жазган. Ал америкалык лидердин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн, балким РФ президенти Владимир Путин менен Зеленскийдин болуп калышы мүмкүн делген жолугушуусун талкуулаша турганын билдирген. Кийинчерээк украин ЖМКлары украин делегациясынын курамына ТИМ жетекчисинин орун басары Сергей Кислица да кирерин кабарлашкан.
АКШ президенти Дональд Трамп мурдараак Путин менен Зеленскийдин сүйлөшүүсүнө даярдык көрүлүп жаткандыгын, андан кийин өзү катышкан үч тараптуу жолугушуунун ыктымалдыгын айткан. Россиялык лидердин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков буга чейин телефон аркылуу сүйлөшүүдө Путин менен Трамп Россия — Украина делегацияларынын түз сүйлөшүүлөрүн улантууну колдогонун билдирген. Ушуга байланыштуу тараптардан келген өкүлдөрдүн деңгээлин көтөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу талкуулангандыгын кошумчалаган.