БОСТЕРИ, 28-авг. — Sputnik. ЖККУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагындагы координацияланган аракеттери санитардык-эпидемиологиялык жактан бакубаттуулукту камсыздап, ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын канааттандыра алат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев КМШ өлкөлөрүнүн биологиялык коопсуздук маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын координациялык кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу укуктук ченемдерди сактоону, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, технологиялык жана уюштуруу-техникалык талаптарды аткарууну, ошондой эле тиешелүү чаралардын комплексин жүргүзүүнү карайт.
"Кыргызстандын өкмөтү биокоопсуздукту камсыз кылуу багытын аныктап, бул жаатта улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана эл аралык милдеттенмелерди аткаруу боюнча бир катар мыйзамдарды, ченемдик-укуктук документтерди жана программаларды кабыл алды. Казакстандык жана өзбекстандык адистердин катышуусундагы машыгуулар үчүн окутуулар уюштурулду", — деди Чечейбаев.
Министр кошумчалагандай, ЖККУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагындагы чаралары тең укуктуу кызматташууга, коопсуздукту чыңдоого жана глобалдык чакырыктарга даярдыкты жогорулатууга багытталган.