БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Борбор Азияда “Евразия” паркынын аналогу жок, ал балалыкка, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарга арналган. Бул тууралуу “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун төрайымы Алена Аршинова эс алуу жайынын ачылыш аземинде айтты.
РФ Мамдумасынын депутаты долбоор президент Садыр Жапаровдун жана шаар мэриясынын колдоосу менен “Евразия” уюму тарабынан ишке ашырылганын белгилеген.
10 гектарга түшкөн жаңы парк акысыз болуп жыл бою иштейт. 30дан ашуун аттракцион орнотулуп, акысыз болору айтылды.