БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Жол эрежесин бузган айдоочудан экзамен планшет менен тест түрүндө алынат. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынын башчысы Байказы Айтикул уулу "Биринчи радиого" билдирди.
Ал эреже бузган айдоочулардан экзамен соцтармактагы видеолордогудай эреже тартылган кагаз менен эмес, электрондук түрдө алынарын белгилеген.
"Андай видеону биз элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жасаганбыз. Механизм иштей баштаса баары электрондук түрдө планшет менен алынат. Учурда протокол түзүүнү да электрондоштуруп жатабыз. Ошол себептен айдоочудан экзамен алуу 1-сентябрда эмес, андан кечирээк башталат. Анан айдоочулар "кокустан эреже бузуп алсам эле токтотуп экзамен алат" деп коркпошу керек. Жолдогу эрежени, мисалы, машинаны атайын катуу айдап же каршы тилкеге чыкса же жол чырактын кызылына токтобой өтүп кетип жол кырсыгына себепкер болсо гана экзамен алынат. Сунуш боюнча бир билетте алты суроо болот. Айдоочу анын төртөөнө жооп берсе өттү деп эсептелет", — деген Айтикул уулу.