БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бермуд үч бурчтугунун аймагында кемелер бийиктиги бир нече мүнөттө эле чөктүрүп жиберген кубаттуу 30 метрге жеткен толкундардан улам жок болуп турган. Бул туурасында океанограф Саймон Боксалл Channel 5 телеканалында айтканын РИА Новости жазды.
"Сырдуу деп айтылып келген Бермуд үч бурчтугунун түштүгү менен түндүгүндө катуу толкундар биригип кетет. Эгер алар Флоридадан урган толкундардан улам күч алып кетсе, бул өлүм чакырган кесепетке айланышы мүмкүн", — деген окумуштуу Боксалл.
Океанографтын айтымында, 30 метрге чейин көтөрүлгөн толкундар чоң кемелерди да 2-3 мүнөттө эле суунун алдына "жиберип коюшу" мүмкүн.
"Кеме канчалык чоң болсо, ошончолук көбүрөөк зыянга учурайт (талкаланат — ред.)", — деп түшүндүргөн окумуштуу.
Анын илимий тыянагына караганда, өлүм чакырган мындай айбаттуу чоң толкундар ири суднону да тең экиге бөлүп салышы мүмкүн. Апааттын капилеттен болуп кеткендигинен улам моряктар кырсык тууралуу кургактагыларга кабар берип жетишпей калган болушу керек дейт Боксалл.
Бермуд үч бурчтугу Атлантика океанынын батышында жайгашкан, Флорида, Бермуд аралдары менен Пуэрто-Риконун ортосунда. Аба жана деңиз кемелери көп учурда ал жердеги табышмактуу аномалиялардын айынан жоголуп кетет деп эсептелет. Саны болжол менен 100гө чамалап барат.