Грузия: Россияга каршы экинчи фронт ачылса Батыш Тбилисиге курал бермек

Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү эгер Россияга каршы экинчи фронт ачылса, Грузияга курал берүүнү убада кылышты. Бул тууралуу бийликте турган "Грузин кыялы" партиясынын башкы катчысы, Тблиси шаарынын мэри Каха Каладзе билдиргенин РИА Новости жазды.
"Премьер-министрдин кеңсесинде экинчи фронт ачуу боюнча түз коркутуулар, опуза жана кемсинтүүлөр болду. "Биз толук жардам беребиз, тиешелүү техника менен камсыз кылабыз" деген убадалар айтылды. Албетте, буга далилдер бар, зарыл болгон учурда биз аларды пайдаланабыз. Бирок өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн азыркы абалда калганыбыз дурус", — деп белгилеген Каладзе.
Саясатчы Батыштагы өнөктөштөр Грузияны опузалоосун улантып жатканын эске салды. Бул жолу алар "Евробиримдик менен визасыз режимди токтотобуз" деп коркутуп жатышканын айтты.

Евробиримдик менен Грузиянын ортосундагы мамиленин курчушу

Грузия менен Евробиримдик ортосундагы алака грузин бийлиги Батышта катуу сынга кабылган айрым мыйзамдарды кабыл алгандан кийин начарлап кетти.
Өкмөт башчы Ираклий Кобахидзенин айтымында, грузин коомунда Евробиримдикке болгон ишеним азайды. Брюссель Грузия 2022-жылы Россияга каршы экинчи фронтту ачпай койгону үчүн визасыз режимди жокко чыгаруу менен коркутууда.
Мындан тышкары, Кобахидзе былтыр өлкөнүн Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуп койду. Ошондон бери Грузияда жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган нааразылык акциялары тынымсыз өтүүдө. Европалык саясатчылар мындай нааразылык акцияларынын катышуучуларын колдогон билдирүүлөрдү таратышкан.
2022-жылдын февраль айында Грузиянын ошол кездеги премьер-министри Ираклий Гарибашвили Батыш өлкөлөрү Россияга каршы салган санкцияларга кошулуудан баш тарткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп: Украинадагы жаңжалдын чыгымын НАТО көтөрүүдө, АКШ тыйын да коротпойт