УКМК: кылмыштуу топту каржылап, акча адалдоого шектелген жаран кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында алардын ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыштуу жол менен табылган каржыны адалдоо фактыларды аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматында З.Т.И. аттуу жаран Кытайдан товар ташууга көмөктөшүп, өлкөгө келген жүктү бажылык тариздөөгө узак убакыттан бери аралашып келгени айтылат. Анын негизги колдоочусу Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары М.М.Ж. болгону белгиленген. Аткаминердин жардамы менен бажы мыйзамдарын бузуп, мыйзамсыз схемаларды колдонуп, товарды мыйзамсыз декларациялап, ири өлчөмдөгү бажы төлөмдөрүнөн качууга шарт түзүлгөн.
"Андан тышкары, З.Т.И. мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруп, Бишкек шаарындагы "Паллада" казиносунун негиздөөчүсү болгон. Ал казинодон түшкөн каражат менен Рысбек Акматбаевдин жана Камчы Асанбектин кылмыштуу топторун системалуу түрдө каржылап, алардын лидерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө баалуу белектерди тартуулап турган. "Паллада" казиносунун мүлк комплекси бир кезде уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерине таандык болгон", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда уруксат документи жок эки тапанча, "Сайга", "Тигр" маркасындагы мылтык, башка ок атуучу куралдар жана ок-дары алынган. Ошондой эле 20 грамм болгон гашиш табылганы кошумчаланды.
Учурда З.Т.И. аттуу жаранга иш козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени, атайын кызмат иликтөөнү улантып жатканы белгиленди.
Пара алууга айыпталган судья. УКМК өрттөлгөн акчага экспертиза жүргүздү