ЕБ Киевге Россиянын тоңдурулган акчасынан түшкөн кирешеден 10,1 млрд евро бөлдү

Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Евробиримдик Россиянын тоңдурулган каражатынан түшкөн кирешеден Украинага 10,1 миллиард евро бөлгөн. Бул тууралуу Еврокомиссиянын маалыматына таянып Welt am Sonntag басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул — РФ Борбордук банкынын январдан июлга чейинки кирешеси.
Брюссель бул каражатты өлкөдөгү аскерий жана жарандык долбоорлорду колдоого жумшап жатат. Март, май, июнь жана июль айларында Украина ай сайын 1 миллиард евродон алган, январда 3 миллиард, ал эми апрелде 3,1 миллиард евро бөлүнгөн.
Бирок айрым саясатчылар, анын ичинде Европарламенттин коргоо комитетинин төрайымы Мари-Агнес Штрак-Циммерманн Киевге бир гана пайыздар эмес, бардык тоңдурулган активге жол ачуу зарыл экенин айтууда. Ал эми экономисттер мындай кадам дүйнөлүк каржы системасын оор кесепеттерге кептей турганын эскертип келишет.
Россиянын Украинадагы атайын операциясынан кийин ЕБ жана G7 өлкөлөрү РФтин валюта резервиндеги 300 миллиард еврону тоңдурган. Анын 200 миллиард евродон ашыгы бельгиялык Euroclear компаниясынын эсептеринде турат.
Москва буга жооп иретинде "дос эмес өлкөлөрдүн" инвесторлорунун активдерин жана кирешелерин "С" тибиндеги атайын эсептерге топтогон. Алар өкмөттүн атайын комиссиясынын чечими менен гана чыгышы мүмкүн.
Россия ЕБдин аракетин "уурулук" деп атап, Брюсселдин максаты жеке адамдардын эмес, мамлекеттин активдерине кол салуу экенин билдирген. РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров да эгер Батыш тоңдурулган активдерди тартып алса, Москванын да Россиядагы Батышка таандык каражаттарды кайтарбай коюу мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЕБ Россияны Украина боюнча жолугушуудан баш тартса санкция киргизем деп опузалоодо