БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Россия кибермейкиндиктеги тирешүүдө да Украинадан алда канча күчтүү экенин тастыктады. Бул тууралуу Strategic Culture басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады.
"Россия менен НАТОнун Украинадагы каршылашуусу согуш талаасы менен эле чектелген жок. Жаңжал башталгандан тарта эле кибермейкиндик Москва менен Киевдин тирешүүсүнүн башкы аренасына айланган. Бул жерде да согуш талаасындагыдай эле Россия жеңишти багындырып жатат. Мыкты координацияланган жана натыйжалуу чабуулдардан улам хакердик топтор Украинанын санарип инфраструктурасын иштен чыгарып, жашыруун делген маалыматтарды ачыктап, киев режиминин кадырын түшүрдү", — деп айтылат макалада.
Басылма россиялык киберчалгын кызматы НАТОнун техникалык колдоосуна көз каранды болгон украиналык коргонуу системаларынан бир топ алдыда экенин жазган.
"Киев эми согуш талаасында да чабуулга өтө албайт, санарип түйүндөрүн да коргой албай калды. Өз өлкөрүндөгү саясий жана экономикалык каатчылыктан жабыр тартып, ичинен бөлүнүп-жарылып турган Түндүк атлантикалык альянс Украинанын талкаланып жатканына сырттан көз салып турууга мажбур", — дешкен авторлор.
Буга чейинки маалыматтарда Украина 2022-жылдын февралынан тарта 1,7 миллион жоокер жана офицеринен ажыраганы айтылган. Бул Украина Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын хакерлер тарабынан талкаланган базасындагы маалыматтар эле.