Ысык-Көлдө мас болуп такси кызматын көрсөткөн айдоочу кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө мас абалында оң рулдуу автоунаа менен такси кызматын көрсөткөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, инспекторлор айдоочусу мас болушу ыктымал деген шек менен Тору-Айгыр айылында Honda Odyssey машинасын токтоткон. Айдоочу аларга баш ийбей жолдун каршы тилкесине түшүп качып, акыры кайгуулчулар кийинки посттон жолду жаап токтотушкан.
Текшерген учурда анын мас экени, оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташып жүргөнү аныкталган.
"Жолдун каршы тилкесине чыгып айдаганы үчүн ага 15 миң сом айып пул салынып, машинасы айып короого токтотулду", — деп айтылат маалыматта.
Мас болуп машина айдаганы үчүн ал бир жылга автоунаа башкаруу укугунан ажыратылары кошумчаланды.
Эске салсак, 22-августтан тарта милиция оң рулдуу машиналар менен такси кызматын көрсөткөндөрдү текшере баштаган.
Кайсы жол эрежелерин бузган айдоочулар кайра экзамен тапшырат? Жообу