БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. АКШ президентинин жеке руханий кеңешчиси Марк Бернс жана Дональд Трамптын атайын чабарманы Кит Келлог Украинага барат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Украинанын "Общественное" телеканалынын маалыматы боюнча, дипломат Украинага эки күн ичинде келип, өлкөнүн жетекчиси менен жолугушууну пландоодо.
Бернс Украинага Түштүк Кореядан келерин билдирген.
Украинадагы сүйлөшүүлөр
15-августта Аляскада Россия-Америка саммити өткөн. Владимир Путин менен Дональд Трамп Анкоридж шаарындагы Эльмендорф-Ричардсон аскердик базасында жолугушкан. Президенттер сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Украинадагы согушту токтотуунун үстүнөн иштөөгө даярдыктарын билдиришкен.
Дүйшөмбүдө Ак үй башчысы Вашингтондо Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Эки тараптуу жолугушуудан кийин аларга бир нече Европа өлкөлөрүнүн лидерлери кошулган. Анда тараптар АКШ менен координациялоодо Евробиримдикке мүчө мамлекеттер Киевге берүүнү көздөп жаткан коопсуздук кепилдигин талкуулашкан.
Иш-чара ортолоп калганда Трамп Путинге телефон чалуу үчүн чыккан. Баарлашуу ачык жана конструктивдүү мүнөздө өттү. Президенттер Россия жана Украинанын делегацияларынын түз байланыштарын улантуу керектигин колдошкон. Ошондой эле алар Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүндө өкүлдөрдүн деңгээлин көтөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоону макулдашышкан.