Россиялык журналист Кирилл Вышинский көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Россиялык журналист Кирилл Вышинский оор илдеттен улам Москвада көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Журналист 59 жашта болчу. Вышинский 2015-жылы Россиянын жарандыгын алган, Украинанын Башкы прокуратурасы аны 2018-жылы колго түшүрүп, мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен жоопко тарткан. Вышинскийди 15 жылга эркинен ажыратуу каралып, Херсон соту ошол эле жылы аны 17-майда камакка алуу чечимин чыгарган. Журналист Россия лидери Владимир Путинге жардам сурап кайрылган. РФ президенти анын камакка алынышын сындап, Москва Киевге маалымат өкүлдөрүнө басым көрсөтүүнү токтотуу талабын коюп нота жиберген. Кийин 2019-жылы 28-августта Киевдин апелляциялык соту аны абактан бошотуп, Россияга келген.
Журналист "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун аткаруучу директору кызматын аркалаган, ошондой эле Россиянын президентине караштуу Жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо кеңешинин мүчөсү болгон.
Былтыр октябрда Вышинский Sputnik радиосунун башкы редактору болуп дайындалган. Ал бир катар аналитикалык макалалардын ээси, "Донбасстын эли" аттуу даректүү сериалдын автору.
Журналист биринчи даражадагы "Мекенге кызмат кылгандыгы үчүн" ордени жана өкмөттүк сыйлык менен сыйланган.
Скульптор Улан Садыков көз жумду