Токаев Ташиев баштаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди сыйлады

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бишкекке расмий сапар менен келген казак лидери Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерине сыйлык тапшырды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, өлкөлөр ортосундагы достук жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн төмөнкүлөр сыйланган:
Камчыбек Ташиев — І даражадагы Достық ордени;
Дастан Жумабеков — ІІ даражадагы Достық ордени;
Арслан Койчиев — ІІ даражадагы Достық ордени;
Аскар Салымбеков — ІІ даражадагы Достық ордени.
1 / 3

Дастан Жумабеков — ІІ даражадагы Достық ордени

2 / 3

Арслан Койчиев — ІІ даражадагы Достық ордени

3 / 3

Аскар Салымбеков — ІІ даражадагы Достық ордени

Өлкө башчысы өз сөзүндө сыйлыкка татыгандар эмгеги жана ишке берилгендиги менен эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатканын белгилеген.
Токаевдин сапарында кыргыз-казак кызматташуусу үчүн 15 документке кол коюлду