Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Киев чыр-чатакты узак мөөнөттүү жөнгө салууга кызыкдар эмес

Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Украинанын позициясы Киев АКШнын жаңжалды жөнгө салуу аракеттерине тоскоолдук кылгысы келип жатканын көрсөтүп турат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйында билдирди.
Ал Москва кризистин түпкү себептерин жоюу үчүн Вашингтон менен тыгыз кызматташып жатканын белгиледи.

"Украинанын азыркы жетекчилигинин алдында турган максаттар жана Киев режиминин батыштык демөөрчүлөрү тарабынан колдоого алынган пландары АКШ президенти Дональд Трамптын аракеттерине каршы багытталган. Биз жөнгө салуунун узак мөөнөттүү, туруктуу жолдорун табууда аны менен активдүү кызматташып жатабыз", — деди Лавров.

Министр белгилегендей, Украинага коопсуздук кепилдиктерин жамаат менен берүү принциби дагы деле актуалдуу, бирок европалыктардын Россияны бул кепилдиктердин механизминен бөлүп салуу идеясы кабыл алынгыс.
Кеп Түндүк Атлантика келишиминин бешинчи беренеси боюнча кепилдиктерди берүү жөнүндө болуп жатат. Бирок мында Украина блоктон тышкары жана бейтарап статуста болушу шарт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Украинага коопсуздуктун кандай кепилдиктерин каалай турганын айтты