Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: ЕБде Украинага аскер жөнөтүүдө кыйынчылык жараларын айтышууда

Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Евробиримдиктегилер Улуу Британия менен Франциянын Украинага коопсуздук кепилдиги иретинде аскер жөнөтүү планы кыйынчылыкка туш болот дешүүдө. Бул туурасында РИА Новости Politico басылмасына таянып кабарлаган.
Тоскоолдукка себеп катары эки өлкө жетекчилигинин саясий жактан алсыздыгы жана экономикалык кыйын абалды белгилешкен.
"Франция президенти Эммануэль Макрон менен Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин саясий жөндөмсүздүгүн эске алганда, бул план (Украинага аскер жиберүү — ред.) кантип ишке ашарын элестетүү кыйын. Азыр экономикалык жактан оор мезгил болуп турат", — деп жазды басылма аты аталбаган европалык дипломатка шилтеме кылып.
Буга чейин Bloomberg агенттиги АКШ жана европалык расмий адамдар Киевге коопсуздук кепилдиктерин берүү боюнча ишти дароо баштаарын жазган. Онго жакын өлкө мүмкүн болуучу аталган кепилдиктерди камсыз кылуу үчүн Украинага өз аскерлерин жөнөтүүгө даяр экени белгиленген.
АКШ президенти Дональд Трамп Франция, Германия жана Улуу Британия Украина аймагына аскер жайгаштыргысы келип жатканын билдирген. Ошондой эле ал өзүнүн президенттиги учурунда ал жерде америкалык аскерлер болбой турганын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Европа менен Украина АКШдан коопсуздук кепилдигин талап кылууда