2025-2026-окуу жылында жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы мурдагыдай эле өзгөрүүсүз классикалык стилде болот. Бул тууралуу Амангелди Сыдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, классикалык формага ата-энелер өздөрү макулдугун беришкен.
"Өкмөт 2015-жылы12-августта "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө" токтом кабыл алган. Мына ошол токтомго ылайык, окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, өңү, фасону классикалык стилде болууга тийиш. Мисалы, эркек балдар үчүн пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде тигилет. Ал эми кыздар үчүн мектеп формасы классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак болот. Балдарга, кыздарга да үчтөн ашпаган түстөрдүн айкалышуусуна жол берилет. Анткени окуучулардын сырткы көрүнүшү тыкан болушу керек. Спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы, пляждагы, үйдөгү бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт. Спорттук кийимди бир гана дене тарбия сабагында кийүүгө уруксат берилет", — деди Сыдыбаев.
Ал ошондой эле жүйөлүү себептерден улам мектеп формасына ылайык келбеген кийим кийип келген окуучуну эч ким билим алуу укугунан ажырата албастыгын кошумчалады.