БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ушул жылдын алты айындагы жыйынтык боюнча, калктын мамлекеттик органдарга болгон ишеним индекси 42,8 баллды түзүп, байкоо жүргүзүлгөн бүткүл мезгил ичиндеги эң жогорку көрсөткүч болду. Бул тууралуу Стратегиялык демилгелер институтунан билдиришти.
Мекеме мындай жыйынтыкты Улуттук статистика комитети жүргүзгөн сурамжылоонун негизинде берди. Ал өлкөнүн бардык аймактарында өтүп, 18 жаштан 75 жашка чейинки 3600 жарандын пикирин билишкен.
Ишеним индекси балл менен −100дөн +100гө чейин бааланат. Ал канчалык жогору болсо, ишеним ошончолук бийик болот.
Калктын бийликке болгон ишенимин билүү үчүн аларга үч суроо менен кайрылышкан.
Белгилүү бир мамлекеттик органга канчалык ишенесиз?
Андагы коррупциянын деңгээлин кандай баалайсыз?
Жалпысынан анын ишин кандай баалайсыз?
“Былтыркы жылдын экинчи жарымындагы маалыматка салыштырганда калктын ишеним индекси 3,6 баллга жогорулады. Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облустары бийлик органдарына ишеним деңгээли боюнча алдыңкы орунду сактап калды. Бирок өткөн жылга салыштырганда бир аз төмөндөө байкалды”, —деп айтылат маалыматта.
Сурамжылоого катышкандардын көбү жергиликтүү бийлик органдарына жогору баа беришкен. Андан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бийик ишеним байкалган (52,9 балл), Саламаттык сактоо министрлигинин ишине ичи чыккандар аябай аз болгон (33,6 балл).
Институт тараткан маалыматта жарандардын мамлекетке болгон жеке ишеним индекси 49,5 баллга жетип, жаңы рекорд койгону, коррупцияны кабылдоо индекси 35,2 баллга көтөрүлүп, бул паракорчулук азайганын айгинелей турганы айтылган.