Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Зеленский жер алмашуудан баш тарткан жок, бирок бир маселе барын айтууда

Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө "жер алмашуудан" баш тарткан эмес, бирок Украинанын Баш мыйзамында андай нерсеге тыюу бар экенин айткан. Бул туурасында РИА Новости Wall Street Journal басылмасына таянып жазды.
"Аймактарды алмашуудан баш тарткан жок. Бирок элди жер оодуруу жана Конституция салган тыюуну кыйгап өтүү кыйын болорун айткан", — деп жазды басылма.
Аны менен катар эле Киев режиминин башчысы алмашканда эки жактын тең айырбаштаган жерлери бирдей болушу керектигин кыйыткан.
Вашингтондогу жолугушуудан кийин Зеленскийдин өзү аймактарды алмашуу маселесин Москва менен Киев чече тургандыгын, Россия лидери Владимир Путин менен жолугуунун күнү так эместигин айтты.
Буга чейин Financial Times басылмасы Украина Россияга бир катар жерлерин берүүгө, согушту жүрүп жаткан чектерде токтотуу туурасындагы келишимге каршы экендигин билдирген эле. Андан сырткары, Москванын кенемте төлөп берсин дегенин кошумчалаган.

Ак үйдөгү жолугушуу

Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү кечинде Трамп Зеленский жана Европа лидерлери менен жолугуп, жарым саатка жетпеген убакыт сүйлөшкөн. Ага НАТОнун баш катчысы Марк Рютте, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, Британия премьери Кир Стармер, Франция президенти Эммануэль Макрон, Германия канцлери Фридрих Мерц, Финляндия президенти Александр Стубб, Италия премьери Жоржа Мелони жана Владимир Зеленский катышкан.
Россия жана АКШ лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу Ак үйдөгү жолугушуу тууралуу сүйлөшкөнүн РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, 40 мүнөткө созулган баарлашуу "ачык-айкын жана мазмундуу" болгон.
АКШ лидери да жолугушууну жемиштүү болду деп жазган. Андан сырткары, Путин менен Зеленскийдин жолугушуусун даярдап жатканын, анын артынан өзү да катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөр болорун белгиледи.
Трамп Зеленский жана Европа лидерлери менен жолуккандан кийин Путинге чалды