БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада мушташтан кийин көз жумган Алтынбек (А.А.) окуя болгондон кийин милицияга арыз жазуудан баш тарткан. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Аталган облустун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Улукбек Бейшеновдун айтымында, "Ала-Тоо" эс алуу жайындагы мушташ тууралуу милицияга билдирүү 16-август күнү түнкү саат 00:00дөр чамасында түшкөн.
"Жерине тергөө тобу барганда жабырлануучу менен кесиптеши болгон. Жабырлануучу жаш балдар тарабынан сабалганын, бирок эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан. Милиция аны райондук ооруканага жеткирип, медициналык жардам көрсөтүлгөн соң жабырлануучу ооруканадан чыгарылган. Ал шаарды билбей турганын айтып, пансионатка жеткирип коюуну суранган. Ошол эле күнү 10:25тер чамасында ооруканадан жабырлануучу көз жумгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн", — деген Бейшенов.
Ал учурда тергөө жүрүп жатканын, анда Ысык-Көл райондук ооруканасынын кызматкерлерине тийиштүү юридикалык баа берилерин кошумчалады.
Эске салсак, маркумдун агасы президент менен УКМК жетекчисинен ишти көзөмөлгө алууну суранып, кайрылуу жасаган.
Кылмышка шектелип 14, 17 жана 19 жаштагы үч бала кармалып, эки айга камакка алынды.