БИШКЕК, 19-авг. – Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңеши Беларустун борборунда 29-сентябрда өтөт. Бул туурасында уюмдун башкы катчысы Сергей Лебедев КМШ өлкөлөрүнүн туруктуу өкүлдөр кеңешинин жыйынынын алдында билдирген.
Буга чейин аталган иш-чара 30-сентябрда өтөрү маалымдалган болчу.
"КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны 29-сентябрда болмокчу. Баса белгилеп айткым келет, 29-сентябрда. Азыр ушул жыйынга даярданып жатабыз", — деген ал.
Лебедев күн тартибине 14 маселе жана 25 документтин долбоору киргизилерин айтты. Алардын ичинде 2026-2030-жылдарга эсептелген КМШнын экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясынын экинчи этабын ишке ашыруу планы да бар.